Талас районунун Жон-Арык айылында төрөлүп-өскөн Канчайым апа бүт өмүрүн ушул жерде өткөргөн. Ал өзүнүн айылында турмушка чыгып, жубайы Базарбаев Казакбай экөө 14 баланы тарбиялап өстүрүшкөн.

Туулган жеримде турмушка чыгып, жубайым Базарбаев Казакбай экөөбүз үй-бүлө куруп, балдарды чоңойттук. Күйөөм 2002-жылы каза болду. Биз чогуу узак өмүр жолун басып өттүк. Кубаныч менен кыйынчылыкты тең бөлүшүп, балдарды тарбиялап өстүрдүк.
Базарбаева Канчайым апа, Талас районунун тургуну

Канчайым апанын айтымында, экөө алты уул, сегиз кызды тарбиялап, баарын үйлөнтүп, турмушка узатып, өз үйлөрү менен камсыздашкан. Бүгүнкү күндө ар бири өз үй-бүлөсү менен өз алдынча жашап жатышат.

Канчайым апанын тукуму

14бала
72небере
122чөбөрө
8кыбыра

Канчайым апа 72 небере, 122 чөбөрө жана 8 кыбыранын башын кошуп, алардын арасында урмат-сый менен жашап жатканы үчүн Кудайга ыраазычылык билдирет. Кээде баарын санап отуруп, канчалаган балдар, неберелер жана чөбөрөлөр чоңоюп, өз алдынча жашоо куруп кеткенине таң калат.

Анын айтымында, эне үчүн балдарынын жана тукумунун бакубат жашоосун көрүүдөн артык бакыт жок. Ал ушул куракта да балдарын колунан жетелеп жүргөн күндөрү кечээ эле болгондой эсте калганын айтат.

Эне үчүн балдарынын жана бүт тукумунун бакубат жашоосун көргөндөн артык бакыт жок болсо керек.
Базарбаева Канчайым апа

Канчайым апанын эки кызы да «Баатыр эне» наамына ээ болушкан. Ал кыздарынын да көп балалуу эне болуп, мындай ардактуу наамга татыганына сүйүнөт. Өзү көп бала тарбиялап, аларды бутка тургузуу канчалык эмгекти талап кыларын жакшы билгендиктен, кыздарынын бул жетишкендиги аны өзгөчө кубандырат.