Талас шаарында 11 блоктон турган турак жай комплекси курулууда. Бул тууралуу 2-ноябрда президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Таластагы курулуш

11блок
9495батир
1659кезектеги жаран
319үй-бүлөгө батир берилди
Эгерде кийинки жылдын аягына чейин үйлөрдүн курулушу бүтсө, биз батирлерди этап менен өткөрө баштайбыз
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти
Ранее по темеЫнтымак айылынын тургуну президенттен «Калинин» каналын реконструкциялоо мөөнөтүн сурады: суунун 50% кумга сиңип кетет

Мамлекет башчысынын айтымында, эгер курулуш кийинки жылдын аягына чейин аяктаса, батирлер акырындык менен пайдаланууга берилет.

Президент ошондой эле Талас облусунда "Мой дом" мамлекеттик турак жай программасы боюнча батир алууга 1 миң 659 жаран кезекте турганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, быйыл июнь айында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 319 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.