Акыркы мезгилде коомдо аялды гана жабырлануучу, эркекти гана агрессор катары көрсөтүү тенденциясы байкалууда. Бирок психологдун айтымында, ар бир мамилени өзүнчө кароо зарыл: кээ бир үй-бүлөдө зордук-зомбулукту эркек көрсөтсө, башкасында аял манипуляция, басым жана эмоционалдык зордук-зомбулук көрсөтүшү мүмкүн.
Акжолтой Аскар айрым учурда эки жубай тең өз психологиялык көйгөйлөрүн чечпей, бири-бирине азап тарттырарын белгилейт. Бирок ал бир нерсени так баса белгилейт: зордук-зомбулук жасаган адам өз иш-аракети үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.
Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн чыдамдуулук көрсөтүү чакырыгы эч кандай шартта зордук-зомбулукту актоо үчүн колдонулбашы керек.
Эмне үчүн адамдар азап тарттырган мамиледе кала беришет?
Психологдун айтымында, бул маселеде адамдарды алсыз жана күнөөлүү деп бөлүү туура эмес. Ар бир адамдын тандоосу ар кандай себептерге байланыштуу болушу мүмкүн: коомдук басым, экономикалык көз карандылык, балдар үчүн коркуу же өзүн-өзү баалоонун төмөндүгү.
Акжолтой Аскар үй-бүлөлүк мамилелер өз ара сый-урмат, ишеним, жоопкерчилик жана өзүнүн үстүндө иштөөгө даяр болууну талап кыларын эскертет. Бирок коомдо дагы деле болсо никени сактап калуу үчүн кыйынчылыктарга чыдаш керек деген түшүнүк бар.
Адис кадимки үй-бүлөлүк чыр-чатакты психологиялык зордук-зомбулуктан айырмалай билүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт. Конструктивдүү талкуу жана чыр-чатактан кийин мамилени калыбына келтирүүгө умтулуу дени сак мамиленин белгиси, ал эми системалуу түрдө кемсинтүү, коркутуу жана көзөмөлдөө зордук-зомбулуктун белгилери.
Психолог зордук-зомбулуксуз үй-бүлөнү курууда тарбиянын ролу чоң экенин кошумчалайт. Балдарды сый-урматка, өз ара түшүнүүгө жана чек араларды сактоого үйрөтүү келечекте дени сак мамилелерди түзүүгө жардам берет.




















