Баткен облусунда быйыл ипотекалык баада миңден ашык батирлер пайдаланууга берилет. Бул үч комплексте курулуп жаткан жалпы 4116 батирдин ичинде биринчи этапта 17 блоктон турган 1050 батирди түзөт.

"Асман резиденс №1", «Асман резиденс №2» жана «Асман резиденс №3" аттуу комплекстер Курманжан Датка — Алымбек Датка, Садыкова жана Нургазиева көчөлөрүндө курулуп жатат. Алар 12 кабаттан жогорку имараттардан турат.

Учурда курулуш иштеринде суу сактагыч жана канализация системасы орнотулууда. Алдыда бүткөн блоктордун бири пайдаланууга берилсе, тургундарга батир алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Азыркы күнү ГИК аркылуу Баткен облусунда турак жайга кезекте 3425 адам турат. Мамлекет бул маселени чечүүнү, жаңы турак жайларды бардык райондорго курууну пландоодо.

Турак жай алууну каалагандар Баткен шаарындагы Мурат Салихова көчөсү, 29 дарегине кайрылса болот.