Улуттук банк аманат тартууга укугу жок уюмдарга акча каражаттарын берүү коркунучтары жөнүндө эскертет. Бул кабар расмий түрдө жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аманат (депозит) тартуу банктык операция болуп саналат жана ал Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгондо гана ишке ашырылат.
Аманат тартууга укугу барлар: коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, турак-жай сактык кредиттик компаниялары жана кредиттик союздар — алар Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барат.
Улуттук банктын көзөмөлүндөгү финансы-кредиттик уюмдар (ФКУ) аманаттардын сакталышын жана милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын камсыздоого милдеттүү. Мыйзамда аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо механизмдери каралган.
Бирок, уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү же банктык эмес ишмердүүлүккө лицензиясы бар экендиги элден аманат тартууга укук бербейт.
Кандай коркунучтар бар?
Улуттук банк ФКУ болуп саналбаган коммерциялык уюмдар жарандарга акча каражаттарын пайыздык негизде берүүнү сунуштап, мындай мамилелерди зайым, инвестициялоо, өнөктөштүк катышуу же башка келишимдер менен расмийлештирип жаткан учурларга өзгөчө көңүл бурат.
Мындай иш-аракеттер мыйзамсыз болуп саналат жана жарандардын акчасын жоготуу коркунучун жаратат.
Уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү же банктык эмес ишмердүүлүккө лицензиясы бар экендиги элден аманат тартууга укук бербейт.















