Талас шаарында социалдык объектилерде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин сапаты жана ылдамдыгы текшерилди. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясы маалымдады.
Шаар мэриясынын вице-мэри Айбек Кочорбаев жандуу текшерүүнү өткөрүп, аймактагы бир нече балдар бакчаларын жана орто мектептерди карап чыкты.
- "Тынчтык" жашыл аймагындагы балдар бакчасынын фасады жаңыланды
- 9-"Буратино" балдар бакчасынын оңдолуу иштери жүрүүдө
- 6-Мектеп (С. Абдуллаев атындагы) фасадына ремонт жасалды
- 9-Мектеп (У. Жолчубек уулу атындагы) иштери текшерилди
- Kerben Palace мейманканасынын ордуна курулган "Алтын балалык" балдар бакчасы оңдолууда
Айбек Кочорбаев жумуштун сапатына өзгөчө маани берилип, иштер белгиленген мөөнөттө бүтүшү милдеттүү экенин белгиледи. Жооптуу кызматкерлерге бардык талаптарды так сактоо тапшырылды.










