Талас шаарында жаңы борбордук стадиондун курулушу активдүү уланууда. Учурда курулуш жумуштарынын 75%ы бүткөрүлгөн.
Объектте 300дөн ашуун адам эмгектенүүдө. Подрядчы уюмга жумушчу күчүн жана жасалып жаткан иштердин сапатын жогорулатуу тапшырмасы берилди.
Жаңы стадион 5 000 орунга ылайыкталган, ага батыш жана чыгыш трибуналары, оюнчулар үчүн шарттар, медиа жана VIP зоналары, ошондой эле VAR системасы кирет.
Андан тышкары, стадиондун аймагында футболчулар үчүн жатакана, тамактануу жайы жана административдик имараттар курулат.
Курулуш иштери 2025-жылдын 9-апрелинде башталган жана объект Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилүү пландалууда.
Мурда Таластагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо спорт иш-чаралары өткөн менен, ал азыркы талаптарга жооп бербой калды.
Мамлекет аралык саясаттын алкагында жана футболдун өнүгүүсү тууралуу президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында жаңы стадиондун курулушу башталган.
Иштин учурдагы абалы










