Талас облусунда курулушу бүткөн, бирок жергиликтүү тургундар кемчиликтерди аныктаган объектилердин сапатын текшерүү үчүн комиссия иштей баштады. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Комиссияны түзүүгө тургундардын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү себеп болгон. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер жана журналисттер кирген. Бул топту президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин тапшырмасы менен уюштурулган.
Комиссия мүчөлөрү подрядчы компаниялардын жетекчилери менен бирге бир нече объектини кыдырып чыгышты. Алардын катарында «Манас Ордо» улуттук комплекси, «Баластан» көңүл ачуу борбору, Нуржанов аллеясы жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас облустук филиалы бар.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер актыларга жана протоколдорго жазылды. Подрядчылар эскертүүлөрдү четтетип, кошумча оңдоо иштерин жүргүзүшү керек.
Президент тарабынан объектилерди курууга бөлүнгөн каражат сапаттуу жана максаттуу пайдаланылышы керек. Объектилерди толук текшерип, бардык кемчиликтерди четтетип, алар калкка көп жылдар кызмат кылышы зарыл.
Учурда подрядчылар эскертүүлөрдү четтетүү боюнча иш алып барууда. Иштер аяктагандан кийин комиссия объектилерди кайра кыдырып, аткарылган иштердин сапатын баалайт.






























