Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жыйынында депутат Азимжан Жалилов Өзгөн районундагы дыйкандардын кайрылуусун ортого салды. Эл менен жолугушууларда фермерлер аммиак селитрасынын баасы кескин көтөрүлүп кеткенин айтып нааразы болушкан.
Фермерлер селитра менен солярка маселесин чечүүнү суранып жатышат, анткени кымбатчылыктан улам чыгымдарын актай алышпайт. Бул ишти көзөмөлгө алууну өтүнүшөт.
Депутаттын айтымында, Дөң-Булак, Кара-Суу, Сабай жана Куршаб айыл өкмөттөрүндө көптөгөн тургундар документи жок үйлөрдө жашап келишет. Ал аларга укук белгилөөчү документтерди тариздөөгө жардам көрсөтүүнү суранды.
Мындан тышкары, Жалилов Куршаб тургундарынын өтүнүчүн жеткирди: алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү айрым айылдарда эле эмес, Куршабда да курулушун каалашат.
Депутат ошондой эле Куршаб айыл өкмөтүнүн жана Өзгөн шаарынын ички жолдорун оңдоо зарылдыгын белгиледи.



















