Орусия президенти Владимир Путин Орусия менен Европанын ортосунда согуш башталса, анда жеңүүчүлөр болбой турганын эскертти. Ал муну унутпоо керектигин баса белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан РИА Новостиге шилтеме берип жазат.
Путиндин айтымында, Евробиримдиктин лидерлери ушул убакка чейин Орусияны стратегиялык жактан жеңе алышкан жок жана 2030-жылга чейин да бул максатка жете алышпайт.
Бул билдирүү Орусия-Африка саммитинин жыйынтыгы боюнча журналисттерге жасалды. Үчүнчү саммит жана экономикалык-гуманитардык форум Москвада 28-29-октябрда өттү.



















