9-октябрда Талас районунда «Манас Ордо» комплексине баруучу Ташарык айылындагы жолду оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди. Иш-чарага 100дөн ашык айыл тургуну катышып, курулуштун сапаты боюнча өз пикирлерин жана сунуштарын айтышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жол курууда бир катар олуттуу кемчиликтер аныкталды:
- Жол жээгиндеги арык системасы (лотоктор) туура эмес орнотулган.
- Жол төшөмөсүнүн деңгээли өтө эле көтөрүлүп кеткен.
- Балдар бакчасына, мектепке жана башка социалдык объектилерге жакын аймактар ыңгайлуу кирүү үчүн талаптагыдай жабдылган эмес.
Жыйындын жыйынтыгында подряддык уюмга бир катар тапшырмалар берилди: аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу, ирригациялык системаларды талаптарга ылайык келтирүү, ошондой эле билим берүү мекемелерине кирүү жолдорун жана кире бериштерин жергиликтүү тургундар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылуу.











