Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 2-ноябрда Талас облусуна болгон жумуш сапарында Бакай-Атин жана Талас райондорунун, ошондой эле Талас шаарынын 2021-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Бакай-Атин районунда акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттин көлөмү, продукция өндүрүү жана инвестиция тартуу көрсөткүчтөрү өсүп, негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы байкалууда.
Бакай-Атин районундагы курулуштар
Райондун экономикалык өнүгүүсүндө буурчак кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши маанилүү окуя болду. Долбоордун наркы 200 млн сомду түзөт.
Инфраструктураны модернизациялоо
- 42,2 км автомобиль жолу асфальтталды
- Таза суу менен камсыздоо иштери 163 км аралыкта жүргүзүлүп, 9 айылды камтыды
- 3 км тротуар курулду
- 55 км көчө жарыктандыруу орнотулду
Талас району жана Талас шаары боюнча да социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары президентке тааныштырылды. Өңүгүүнүн келечектүү багыттары боюнча маалымат берилди.

























