Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө Президентке 2021–2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары тууралуу маалымат берилди.

















