Өзбекстандын Андижан шаарында ТЮРКСОЙ эл аралык уюмунун туруктуу кеңешинин 43-жыйыны болуп жатат. Жыйындын жыйынтыгында 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялоо жана Талас шаарын түрк дүйнөсүнүн маданият борбору катары белгилөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ТЮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Бул чечим Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. 2028-жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, эл аралык коомчулукка кыргыз элинин руханий дүйнөсү жана улуттук баалуулуктары менен тааныштырып келет.

Талас облусу «Манас» эпосунун мекени жана Чыңгыз Айтматовдун туулган жери катары тарыхый-маданий жактан чоң мааниге ээ. Таластын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болушу аймактын тарыхын, маданиятын, улуттук мурасын жана туристтик потенциалын дүйнөлүк деңгээлде илгерилетүүгө шарт түзөт.

ТЮРКСОЙ жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнүн комитетинин 8-жыйыны 26-ноябрда Андижан шаарында башталган. Анда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышты.