Анкара шаарында кыргыздын белгилүү окумуштуусу, акыны жана мамлекеттик ишмери Касым Тыныстановдун 125 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-эс тарыхый иш-чаралар болуп өттү. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө таянсак, иш-чара Түрк маданиятын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчылыгында өттү.

Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысынын орун басары Саит Юсуф, Түркиянын Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) төрагасынын орун басары жана Чыңгыз Айтматов институтунун президенти Илияс Топсакал, Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев, ТҮРКСОЙдагы Кыргызстандын өкүлү Марат Тагаев, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Уфук Тузман, ошондой эле окумуштуулар, дипломаттар жана мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар Касым Тыныстановдун өмүр жолун, анын илимий жана чыгармачылык мурасын, ошондой эле улуттук билим берүүнү өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктүн орношуна кошкон салымын талкуулашты.

  • Касым Тыныстановдун өмүрү, чыгармачылыгы жана саясий ишмердүүлүгү жөнүндө видеоматериалдар көрсөтүлдү.
  • Анын «Жаштарга» аттуу ыры окулду.
  • Бакинин түрктек съездесинин катышуучуларына жана Түркстандын агартуучуларына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
  • Илимпоздор илимий баяндамаларын сунушташты.

Сүйлөгөн адамдар Касым Тыныстановдун кыргыз тилинин илимий негиздерин түптөөдө, билим берүүдө жана улуттук илимди өнүктүрүүдө өзгөчө ролду ойногонун белгилешти. Алардын айтымында, анын эмгектерин андан ары изилдөө жана жайылтуу, ошондой эле мурасын кийинки муундарга өткөрүп берүү өтө маанилүү.