Казакстандын Алматы шаарындагы «Туран» университетинде кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атындагы маданият борборун жана анын бюстүн ачуу салтанаты болуп өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, бул долбоордун демилгечиси Алматыдагы Кыргыз Республикасынын Баш консулу Женишбек Асанкулов болгон. Идеяны «Туран» университетинин ректору Рахман Алшан уулу колдоп берген. Ошондой эле, долбоорду ишке ашырууга Алматыда жашаган мекендештер чоң салым кошушкан.

Торжество учурунда «Манас» улуттук театрынын директору Нурбек Талантбеков бюсттун автору, скульптор Надырбек Жээренчиевге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин куттуктоосун жана министрликтин сыйлыгын тапшырды.

Маданият борборунун ачылышы чет өлкөдө кыргыз элинин руханий жана адабий мурасын жайылтуу, кыргыз-казак маданий байланыштарын чыңдоо жана жаш муунду улуу жазуучунун чыгармачылыгы менен тааныштыруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бул борбор кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.