Улуттук статистика комитетинин азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетенине таянсак, Бишкектин аз камсыз болгон жашоо деңгээли төмөн тургундары тамак-ашка чоң каражат жумшап жатышат.
Статистика комитети жашоо деңгээлин изилдөө алкагында калкты кирешесинин көлөмүнө жараша беш барабар топко бөлүп чыккан. Бишкекте өлкө калкынын эң аз кирешеси бар 20 пайызын түзгөн биринчи топко болжол менен 176 миң адам кирет.
Аталган топтун кирешесинин тамак-ашка кеткен үлүшү өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 83 пайыздан 71 пайызга чейин төмөндөгөн.
Региондордогу абал
Кыргызстан боюнча жалпысынан эң аз камсыз болгон жарандар кирешесинин 58 пайызын тамак-ашка жумшашкан, бул мурунку жылдын ушул мезгилиндеги 61 пайызга караганда төмөн.
- Ошская
- Иссык-Кульская
- Ош
- Талас
- Нарын
Улуттук статистика комитети · geoBoundaries, © OpenStreetMap
Бишкектен кийин тамак-ашка кеткен чыгымдардын эң жогорку көрсөткүчү Ош облусунда (65%), Ош шаарында (62%) жана Ысык-Көл облусунда (61%) катталган. Ал эми эң төмөн көрсөткүч Талас (39%) жана Нарын (40%) облустарында байкалган.









