Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 22-июлда Чынгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында сүйлөп, майрамдын масштабдуу өтөөрүн билдирди.
Бул юбилей чеңгелинде 25 мамлекеттик жана 7 эл аралык иш-чара пландалган. Алар маданият, илим, билим берүү, дипломатия, маалымат жана инфраструктура тармактарын камтыйт.
Министрдин айтымында, 2028-жылды Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринде Чынгыз Айтматов жылы деп жарыялоонун демилгеси көтөрүлүүдө.
Андан сырткары, ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

