Reuters агенттигинин булактарына шилтеме берүүсү боюнча, АКШнын Аба күчтөрүнүн Cloud One булуттук эсептөө платформасына хакерлер киришип кеткен. Бул кибер чабуул системаны модернизациялоо иштери жүрүп жаткан учурда, акыркы бир айдын ичинде аныкталган.
Бул инцидент платформанын иштөөсүндө үзгүлтүктөрдү жаратты. Хакерлердин киришинин масштабдуулугу так белгисиз болгону менен, ал өтө маанилүү маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн.
- Аба күчтөрүнүн тактикалык операциялары тууралуу купуя маалыматтар
- Жеке курамдын тизмеси
- Логистикалык маалыматтар
Биз Аба күчтөрүнүн Министрлигинин маалыматтарын, системаларын жана операциялык мүмкүнчүлүктөрүн коргоо үчүн дайыма ылайыктуу чараларды көрүп турабыз.
Пентагон бул маселе боюнча конкреттүү жооп берүүдөн баш тартты. Ведомство конкреттүү тармактардын жана системалардын коопсуздук абалы, алардын алсыздыктары же иштөө статусу боюнча комментарий бербейт деп билдирди.






