Кыргызстандын футбол союзунын туруктуу өкүлдөрү Медербек Сыдыков менен Тимур Курманов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай, Кызыл-Кыя, Баткен шаарларында жана Уч-Коргондогу спорттук объектилердин курулуш иштерин текшеришти.
Аймактык макамдагы бул долбоорлордун ичинде Баткен шаарындагы 10 миң орунга ылайыкташкан борбордук стадион ноябрь айында пайдаланууга бериле турганы күтүлүүдө.
Бул ишке киргизүү спорттук турмушту жигердүү өнүктүрүүгө жана футбол сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган.

