Ош шаарында дээрлик бир айдан бери жоголгон Улукбек Туркбаевди издеп жатышат. Ал 1976-жылы туулган, жана акыркы жолу 18-июнда, саат 7де Кабылова көчөсүндөгү №3/5 үйүнөн чыгып кеткен.
Учурда анын кайда экени белгисиз. Полиция билдиргендей, ал арыктай денелүү, болжол менен 160 сантиметр бою бар, териси күрөң түстөгү, кыска кара чачы бар.
Жоголгондон мурун ал көк өңдүү капюшону бар күмүш түстөгү спорттук күрмөсүн, кара спорттук шымын жана кызыл сызыктар менен кара кроссовкаларын кийген.
Ош IИБнын кызматкерлери Улукбек Туркбаевдин так жайгашкан жери тууралуу маалымат билгендерге 102, 0322255901 жана 0779767087 телефону аркылуу кабарлоону өтүнүшүүдө.











