Кадамжай районунун Майдан айылынын Пум айылында жашаган 58 жаштагы Асанбек Дүйшөев 29-июлда үйүнөн чыккан жана андан бери дайынсыз болууда.

Анын туугандарынын айтымында, Дүйшөев үйдөн 29-июль күнү саат 10:00дөр чамасында чыгып, кайра кайрылбаганы белгиленди.

Жакындары аны көргөн же качан кайда экенин билгендерди төмөнкү номурларга кабарлоо өтүнүчүн билдиришти.