Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, мелдеш 10-октябрда «Адинай» паркында өткөн. Ага 150дөн ашуун спортчу жана көчө спортунун ышкыбоздору катышкан.

Уюштуруучулар катары Бишкек мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана КР Экстремалдык жана көчө спорт түрлөрү федерациясы, анын Бишкектеги аймактык бөлүмү чыгышкан. Чемпионат өнөктөштөрдүн колдоосу астында өтүп, алар катышуучуларга белектерди даярдашкан.

Иш-чарага департаменттин директору Канатбек Маматов катышып, катышуучуларга ийгилик каалап, федерациянын көчө спортун өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Мелдештин категориялары

Мелдеш төрт категорияда өткөрүлдү: Workout Battles (1ге 1), 18 жашка чейинки жана 18 жаштан жогорку катышуучулар үчүн турникте тартылуу, ошондой эле брусьяда абсолюттук категорияда түртүлүү. Коноктор үчүн мастер-класстар жана интерактивдүү сынактар да уюштурулган.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери

Workout Battles (1ге 1)

  1. 1-орун — Асхат Салымбеков;
  2. 2-орун — Асад Акборов;
  3. 3-орун — Артем Сайфулин.

Турникте тартылуу, 18+

  1. 1-орун — Арлен Мамырканов;
  2. 2-орун — Нурсултан Абдураимов;
  3. 3-орун — Амир Мажитов.

Турникте тартылуу, 18 жашка чейин

  1. 1-орун — Богдан Балашов;
  2. 2-орун — Нурболот Кудайбергенов;
  3. 3-орун — Нурсултан Мукамбетов.

Брусьяда түртүлүү, абсолюттук категория

  1. 1-орун — Арлен М