Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков Венгриянын борбору Будапештте өткөн эл аралык рейтингдик турниринде алтын медаль тагынды. Бул турнир грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеш болуп саналат.
Шаршенбеков 60 килограмм салмак категориясында катышып, мелдешти 1/16 финалдан баштады. Биринчи беттешинде ал америкалык спортчу Далтон Робертсти тушто утуп, эсепти 4:0 кылган.
Андан соң 1/8 финалда ал Азербайжандык Элмир Алиевге 10:0 эсебинде жеңишке жетти. Чейрек финалда ал Египеттен келген Махмуд Саадды 9:0 эсебинде жеңди.
Жоламан жарым финалда Өзбекстандын лидери Алишер Ганиевге 9:2 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Финалда анын атаандашы — Казакстандан Ернур Фидахметов болуучу болчу, бирок казакстандык спортчу жаракатка байланыштуу мелдешке чыкпай калды. Натыйжада Жоламан Шаршенбеков титулдун ээси болуп жарыяланды.
Учурда аталган эл аралык рейтингдик турнир Будапештте уланууда.

