Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жарандарга жеңилдетилген насыя алууга жардам берүү тууралуу жарнамалар активдүү тарап жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул — шылуундардын кезектеги схемасы.

Шылуундар ишенимди арттыруу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди жана жалган пикирлерди колдонушат.

Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч кандай шартта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз. Маалыматты расмий булактардан гана текшериңиз
Улуттук банк жарандарды сак болууга чакырат

Улуттук банк төмөнкүлөрдү ЭМЕС:

  • Калкка насыя бербейт;
  • Акча которууну суранбайт;
  • Кызматкерлеринин күбөлүктөрүн мессенжер аркылуу жөнөтпөйт;
  • Жеке жактарга кызмат көрсөтпөйт.

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болсоңуз, дароо банк картаңызды бөгөттөп, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.