Конституциялык мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Соттун судьясы кызматына 40 жаштан 70 жашка чейинки, жогорку юридикалык билими бар жана кеминде 15 жыл кесиптик юридикалык стажы бар Кыргызстандын жараны талапкер боло алат.

Мындан тышкары, талапкер жергиликтүү сотто кеминде 10 жыл иштеген болушу керек. Учурда Конституцияда судья болуп иштөөнүн минималдуу стажы беш жыл деп белгиленген.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна баа берүүнүн олуттуу мезгили жок талапкерлерди сунуштоо сот адилеттигинин сапаты көз карашынан алганда тобокелдүү»
— деп айтылат документте

Долбоордун авторлору 10 жыл ичинде судьянын кесипкөйлүгүн, кабыл алынган чечимдердин сапатын, тартиптик практиканы жана жогорку жүктөм шартында иштөө жөндөмүн объективдүү баалоого болот деп эсептешет.

Эмне үчүн өзгөртүүлөр киргизилүүдө?

Негиздемеде Жогорку Сот өзгөчө татаал иштерди, кассациялык арыздарды жана бирдиктүү сот практикасын калыптандыруу маселелерин карай турганы белгиленет. Долбоордун авторлорунун пикири боюнча, беш жылдык соттук стаж мындай милдеттерди толук аткаруу үчүн жетишсиз.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.