Уч-Булак айылынын тургуну Авазбек Орозбеков жолугушууда бул маселе боюнча 2020-жылдан бери кайрылып келе жатканын билдирди. Анын айтымында, өкмөт менен подрядчы уюмдун ортосунда айылды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына карабастан, суу айылга ушул күнгө чейин киргизиле элек.

Эгер кимдир бирөө уурдап же бөлүнгөн акчаны өздөштүрүп алган болсо, андан он эсе көлөмдө өндүрүп алыш керек
Садыр Жапаров

Айтматов районунун акими бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү кошумча маалыматтардын пайда болушуна байланыштуу Авазбек Орозбековду өзү кабыл аларын белгиледи.

Мамлекет башчысы кырдаал көзөмөлгө алынарын билдирип, мындай иштер белгиленген мөөнөттөн ашыкча созулбашы керектигин баса белгиледи.