Айтматов районундагы жети айылда калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аймакка болгон жумушчу сапары учурунда белгилүү болду.
Айыл калктуу конуштарын таза ичүүчү суу менен камсыздоого 300 млн сом каралган.
Бул маалымат Кабар маалымат агенттиги тараткан билдирүүдө айтылган. Анда айыл калктуу конуштарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга 300 миллион сом бөлүнгөнү белгиленген.
Эске салсак, бүгүн, 3-ноябрда, президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары менен таанышты.



















