Айтматов районунун Уч-Булак айылынын тургуну президент Садыр Жапаров менен жолугушууда суу менен камсыздоо долбоору 2017-жылы бүткөрүлгөнүнө карабай, айылда ичүүчү суу жок экенин айтып нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Айыл тургунунун айтымында, айылды таза суу менен камсыздоого 18 миллион сом каралган. Ал эми 6 миллион 292 миң 280 сомдук иштер аткарылды деп таризделип, долбоор расмий түрдө бүткөрүлгөн деп таанылган. Бирок айыл эли ушул күнгө чейин ичүүчү суу ала элек.
Долбоордун каржылык көрсөткүчтөрү
Арыздануучу өзүнүн Орозбеков экенин айтып, бул маселе боюнча 2020-жылдан бери президентке кайрылып келе жатканын билдирди. Ал ошондой эле жазуу түрүндөгү кайрылууларды жөнөтүп, кызмат адамдары менен телефон аркылуу байланышканын, бирок көйгөй чечилбей келе жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Айтматов райондук соту ишти бир жылга жакын карап, андан соң эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштү токтоткон.
Кантип мындай болушу мүмкүн? Мындай иштер эч качан эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүнө байланыштуу жабылбашы керек. Эгер кимдир бирөө акча уурдаган болсо, анын ордун он эсе көп төлөп берсин
Кайрылууларды уккандан кийин Садыр Жапаров укук коргоо органдарына кырдаалды иликтөөнү жана бюджеттик каражаттарды уурдоо мүмкүнчүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы арыз ээсин кошумча кабыл алууну тапшырып, маселени өз көзөмөлүнө алууга убада берди.

















