Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Токтогул районунда өткөргөн жумуш сапарынын алкагында, райондун активдери жана тургундары менен жолугушуу кезинде бул маалыматты берди. Жапаровдун айтымыша, азыркы учурда Токтогул районундагы 49 айылдын 12си гана таза ичүүчү суу менен камсыз болуп турат.
Камсыздоого пландар
Ммамлекет башчысынын сөзүнө караганда, республикалык бюджеттин каражаты жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен дагы 22 айыл суу менен камсыздоого пландаштырылган. Калган жашоо пунктулары үчүн тиешелүү министрлик тарабынан долбоордук-сметалык документтер иштеп чыгылып жатат.













