Бүгүн, 30-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Анкара шаарында жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары бекемдөөнүн келечеги талкууланды.
Мамлекет башчысы түрк тарапка жылуу кабыл алуу жана Түрк мамлекеттери уюмунун саммитин уюштуруунун жогорку деңгээли үчүн ыраазычылык билдирип, түрк элин Республика күнү менен куттуктады.
Садыр Жапаров Кыргызстан Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун өзгөчө маанисин жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө кызмат кыларын баса белгиледи.






























