Президенттик администрациянын билдирүүсүнө ылайык, саммиттин жыйынтыгында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
- Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин декларациясы;
- Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду «Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени» менен сыйлоо жөнүндө чечим;
- Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо жөнүндө чечим;
- Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
- Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө чечим.
Өзгөчө белгилей кетчү жагдай — Президент Садыр Жапаровдун «Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени» менен сыйланышы. Бул сыйлык түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылат.
Анкарадагы саммит түрк дүйнөсүнүн интеграциясын тереңдетүү жаатындагы маанилүү кадам болуп калды. Кол коюлган документтер уюмдун институттук өнүгүүсүнө жана мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган.



















