Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркияга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Анкарадагы «Этимесгут» эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Кыргызстандын жана Түркиянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

Жогорку даражалуу конокту Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын алкагында Президент Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитине катышат. Анда региондук жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат.