Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары чыңдоо келечегин талкуулашты.
Садыр Жапаров түрк тарапка Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин жылуу кабыл алып, жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле түрк элин Республика күнү менен куттуктады.
Кыргызстандын президенти өлкө Түркия менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи.
Тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун өзгөчө маанисин жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого кызмат кыларын баса белгиледи.
Түркиянын президенти Түрк мамлекеттер уюму жаңы мезгилде чечкиндүү кадамдарды жасай турганына ишеним билдирип, Анкара менен Бишкектин эл аралык аянтчаларда, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунда тилектештигин чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.
Эрдоган ошондой эле Жапаровго Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.



















