Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограммга чейинки салмакта эркин күрөш боюнча финалга чыкты. Бул тууралуу федерация билдирди.
Жарым финалда ал АКШлык Зейн Аллен Резерфордду жеңди. Буга чейин ал канадалык жана түркиялык балбандарды да утуп, жарым финалга чейин жеткен.
Финалда Акматалиев Орусиянын өкүлү Ибрагим Ибрагимов менен алтын медаль үчүн таймашат. Беттеш эртең, 31-октябрда өтөт.
Кыргызстандык дагы бир балбан Малик Шаваев коло медаль үчүн сооротуучу мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Ал чейрек финалда финалга чыккан америкалык Кайл Дэйку жеңилген.



















