Бүгүн, 30-октябрда, президент Садыр Жапаров Түркиядагы иш сапарынын алкагында Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 13-саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы учурдагы геосаясий жана экономикалык өзгөрүүлөр шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын баса белгиледи.
Инвестициялар жана логистика
Садыр Жапаров биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана өндүрүш чынжырларын түзүүгө Кыргызстан кызыкдар экенин белгиледи. Ал «Тамчы» атайын финансы-инвестициялык аймагын инвестиция тартуу үчүн келечектүү аянтча катары өзгөчө бөлүп көрсөттү.
Президент боордош мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүн бул аймактын потенциалынан пайдаланууга чакырды.
Артыкчылыктуу багыттардын катарында ал транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, чек ара жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана жүк ташууларды тездетүүнү атады.
Ошондой эле, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун стратегиялык маанисин жана анын Каспий деңизи аркылуу Орто коридорго кошулушун баса белгиледи.
Экология жана Ысык-Көлдү сактоо
Климаттын өзгөрүшүнө жана тоо экосистемаларын коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы мөңгүлөрдүн эришине каршы биргелешкен чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын БУУнун алкагында Ысык-Көл көлүн сактоо боюнча максаттуу фонд түзүү демилгесин эске салды.
Садыр Жапаров Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун экология министрлеринин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле, ал боордош өлкөлөрдүн башчыларын «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Мен бардык боордош мамлекеттердин башчыларын «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун биринчи объектисинин ачылыш аземине катышууга чакырам.
Президент ошондой эле, ТМУга мүчө мамлекеттердин лидерлерин «Ала-Тоо Резорт» долбоорунун алгачкы объектисинин ачылышына катышууга чакырды.























