Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты.

Түрк элин Республика күнү менен куттуктайм, тынчтык жана гүлдөп-өсүү каалайм. Жылуу кабыл алууңуз үчүн ыраазычылык билдирем.
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

Жолугушуу учурунда мамлекет башчылары биргеликтеги долбоорлор жана өз ара кызыкчылык туудурган башка маселелер боюнча пикир алышты. Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Садыр Жапаров ошондой эле түрк элин Республика күнү менен куттуктап, аларга тынчтык жана бакубатчылык каалады. Ал жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдирди.