Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экс-орун башчысы Суюнали Амракулов 16-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Аны кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу айыбы менен шектүү катары айыптап жатышат. Алгачкы маалыматтарга таянсак, бул иш Казакстандын аймагынан телефондорду контрабанда жолу менен алып келүү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Буга чейин мурда тартылып алынган товарлардын бир бөлүгү жоголуп кеткени тууралуу маалыматтар айтылган.