Бишкек шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан клиниканын жанындагы тиричилик таштандыларынын арасынан медициналык калдыктар табылды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Жергиликтүү тургундардын санитардык нормалардын бузулушу боюнча даттанууларынан кийин текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Инспекторлор аймакты текшерүү учурунда ичинде кан калдыктары болгон медициналык ийнени табышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында клиника кызматкерлери таштандыларды белгиленбеген убакта жана белгиленбеген жерлерге чыгарып жатканы аныкталды.
Муниципалдык инспекциянын маалыматы боюнча, Абдрахманов көчөсүндө катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу дүйшөмбү күндөрү үйбүлөрдөн чогултуу жолу менен ишке ашырылат. Бирок медициналык мекеменин кызматкерлери таштандыларды башка күндөрү да чыгарып, бул аймактын санитардык абалынын начарлашына алып келген.
Аныкталган эреже бузуулар боюнча клиникага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык эки протокол түзүлдү.







