Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Чүй облусуна болгон иш сапары учурунда Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө калк Президентке жеке маселелер менен биргеликте мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде чечилиши керек болгон маанилүү көйгөйлөр боюнча кайрылды. Атап айтканда, тургундар төмөнкү маселелерди көтөрүштү:

  • Реабилитациялык борборлорду жана билим берүү мекемелерин куруу
  • Фермерлерге айыл чарба насыяларын төмөн пайыздык чендер менен берүү
  • Автомобиль жолдорунун абалын жакшыртуу
  • Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу
  • Жер тилкелерин бөлүп берүү жана мунапыс менен кечирим берүү маселелери

Президент келип түшкөн бардык кайрылууларды угуп чыгып, аларды өз убагында жана объективдүү кароо зарыл экенин баса белгиледи.