14-ноябрда өткөн жолугушуунун алкагында жергиликтүү калк Мамлекет башчысына өзүнүн актуалдуу көйгөйлөрү менен кайрылды. Тургундар мүлктүк жана жарандык укуктарды коргоо, социалдык маселелерди чечүү, ошондой эле райондордун инфраструктурасын жана экономикасын өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтышты.

Атап айтканда, эл тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата даттануулар, турак жай алдамчылыгы, жер жана мүлк талаштарын чечүү маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, туризм тармагын колдоо, туристтик объекттер үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, суу түтүктөрүн тартуу, суткалык жөнгө салуучу бассейн куруу, ипотекалык турак жай менен камсыздоо жана стадион куруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Президент Садыр Жапаров жарандардын кайрылууларын угуп чыгып, мамлекеттик органдарга айтылган маселелерди адилеттүү кароону камсыз кылууну тапшырды. Ал көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, маселелерди биротоло чечүү зарылдыгын баса белгиледи.