Кыргызстандагы карыган жарандар өз балдарынын жана неберелеринин материалдык жактан колдоочусу болуп саналат. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасында калктын карышы жана кедейчилик» аттуу аналитикалык обзордо белгиленген.

Статистикага ылайык, 55 жаштан ашкан суралган адамдардын 71,6 пайызы балдарына же неберелерине акчалай жардам беришет, ал эми алардын 31,1 пайызы бул ишти туруктуу түрдө аткарышат. Ошондой эле, пенсионерлердин 56,2 пайызы өз айлыгын негизинен үй-бүлөсүнүн муктаждыктарына жумшашат.

Миграция жагдайы карыган адамдар үчүн эки тараптуу таасир этүүдө. Ал эми чет өлкөдө бир жылдан ашык убакыт бою жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны 199,4 миңди түзөт. Алардын 53,4 пайызы Жалал-Абад жана Ош облустарынан кеткен.

Карыган жарандар үчүн дагы бир маанилүү тенденция — улуу куракта да эмгек кылууну улантуу. Көпчүлүк пенсионерлер неберелерин кароо менен кошо, кошумча жүк алат жана кээде жалгыздыкка туш болушат.

Эмгекке кошулган карыган жарандардын үлүшү

Жашаган жарандардын эмгекке кошулуу деңгээли

48,460-64 жаштагылар
30,665-69 жаштагылар
8,370 жаштан ашкан адамдар

Карыган адамдардын негизги ишмердүүлүк тармагы катары айыл чарбасы ай выдерилет.