Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин көтөрүштү. Алардын арасында спорттук жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программа боюнча турак жай берүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларынын маселелери, мунапыс, ошондой эле жер жана мүлк талаштары болду.
Кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да айтылды. Президент Садыр Жапаров жарандар көтөргөн кылмыш иштерин, мүлк талаштарын жана башка кайрылууларды кароодо мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана адилеттүүлүк принциптерин гана жетекчиликке алуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга айтылган кайрылууларды дыкат изилдеп чыгып, мыйзамдардын алкагында аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.
Бул жолугушуу Президенттин Чүй облусундагы иш сапарынын алкагында өттү. Сапардын максаты — аймактардагы көйгөйлөрдү жеринен угуп, аларды чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берүү.









