Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда өкмөткө картөшкө жана башка айыл чарба продукциясын экспорттоодо НДСти жоюу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда Мелис аттуу жашоочу картөшкө жана буурчак өстүргөн фермерлердин атынан чыгып, Өзбекстанга айыл чарба продукциясын экспорттоодо НДС алуу тартибин кайра карап чыгууну суранды.
Анын айтымында, 2022-жылы Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргызстандык өндүрүүчүлөр картөшкөнү жети өткөрүү пункту аркылуу жеткире алышкан. Ал кезде НДС алынган эмес. Бирок быйыл салык кайрадан киргизилип, фермерлерге кошумча оорчулук жаратты.
Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү мурдагы НДСтин жоюлушу бир жолку чара болгонун түшүндүрүштү. Экономика министрлиги да чечим белгилүү мөөнөткө кабыл алынганын белгиледи.
Президент Жапаров картөшкө экспортунан түшкөн НДС бюджетке канчалык киреше алып келерин сурап, экспортко продукция болгон шартта салыкты жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Аягында мамлекет башчы бул маселени өкмөт менен иштеп чыгууну жана кыргыз тараптан НДСти жоюу чечимин кабыл алууну тапшырды.

















