Айыл чарба даярдоочуларга импорттук ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул норма Министрлер кабинетинин мыйзам долбоорунда камтылган, аны Жогорку Кеңештин депутаттары 28-октябрда үчүнчү окууда кабыл алышкан.
Колдонуудагы Салык кодексине ылайык, айыл чарба даярдоочу — бул төмөнкү иштерди жүзөгө ашырган субъект: а) ата мекендик айыл чарба продукциясын баштапкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган субъектке сатуу үчүн чогултуу; б) кайра иштетүүчү ишканага жана/же соода-логистикалык борборго, анын ичинде давальчество схемасы боюнча сатуу/өткөрүп берүү үчүн ата мекендик айыл чарба продукциясын чогултуу жана/же баштапкы кайра иштетүү.
Аныктама өзгөртүлдү
Министрлер кабинети бул аныктаманы төмөнкүчө өзгөртүүнү сунуштады: «Айыл чарба даярдоочу — сатуу жана экспорт үчүн айыл чарба продукциясын чогултуу жана/же баштапкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган субъект. Айыл чарба даярдоочу импорттук ишмердүүлүк жүргүзүүгө укуксуз».
Документтен
Айыл чарба даярдоочу — сатуу жана экспорт үчүн айыл чарба продукциясын чогултуу жана/же баштапкы кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган субъект. Айыл чарба даярдоочу импорттук ишмердүүлүк жүргүзүүгө укуксуз.
Бул түзөтүүнү Министрлер кабинети мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда киргизген. Биринчи версияда ал жок болчу.
Учурдагы Салык кодексинде айыл чарба даярдоочулары үчүн бир нече жеңилдиктер каралган: алардын продукциясын сатуу КНСтен бошотулган, ал эми бирдиктүү салыктын ставкасы түшкөн акчанын 0,5% өлчөмүндө белгиленген.
Айыл чарба даярдоочулары үчүн салык жеңилдиктери
Бул чара али күчүнө кире элек, анткени мыйзамды кабыл алуу үчүн президенттин колу талап кылынат.


















