Президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктардын өлкө генофондуна тийгизген терс таасири боюнча жарандардан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан көптөгөн кайрылуулар түшкөнүн белгиледи. Ушул кайрылуулардын негизинде ал Администрациянын тармактык бөлүмдөрүнө маселени тыкыр талдап чыгууну тапшырган.
Урматтуу мекендештер! Улутубуздун келечеги үчүн күйүп-жанган жарандардан энергетикалык суусундуктардын кесепеттери тууралуу кыйла кайрылуулар келип жатты эле. Бул маселе Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан да көтөрүлгөн.
Керектөө көлөмү өсүп жатат
Жүргүзүлгөн талдоого ылайык, 2025-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды ички керектөөнүн көлөмү 54 млн 199 миң литрди түзгөн. Бул болжол менен 129 млн банкага барабар. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында керектөөнүн көлөмү 36 млн 83 миң литрге же болжол менен 85 млн 900 миң банкага жеткен.
Энергетикалык суусундуктарды керектөө
Өндүрүш жана импорт
2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.
Президенттин тапшырмасы
Президент Министрлер Кабинетине бир ай ичинде тыюу салуу маселесин карап чыгууну, алты ай аралыгында мыйзамдык негизде жөнгө салууну тапшырды. Бул кадам улуттун ден соолугун коргоо жана дени сак муунду тарбиялоо максатын көздөйт.



















