2-ноябрда Талас шаарында «Талас Арена» борбордук стадионунун ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, облус тургундарын аймактын спорт тарыхындагы бул маанилүү окуя менен куттуктады.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөдө спортту өнүктүрүүгө, заманбап объекттерди курууга жана жаштардын келечегине шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. "Бүгүнкү стадион ушул багыттагы иштердин дагы бир натыйжасы. Заманбап 'Талас Арена' стадионун расмий түрдө пайдаланууга берүү менен облустун спорттук жашоосунун жаңы барагын ачып жатабыз", — деди ал.
Жаңы стадион Талас элинин сыймыгына айланып, жаштарыбызды ынтымакка, эмгекчилдикке жана мекенчилдикке тарбияласын!
Стадиондун өзгөчөлүктөрү
«Талас Арена» стадиону
Негизги футбол талаасы эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, автоматтык сугаруу системасы бар гибриддик газон менен жабдылган. Анын айланасында чуркоо жолдору жайгаштырылган. Ошондой эле жасалма жабуусу бар машыгуу талаасы, үч мини-аянтча, воркаут жана фудкорт аймактары бар.
Үч кабаттуу трибуналардын астында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар, жатакана, ашкана, конференц-зал, административдик бөлмөлөр жана фитнес-зал каралган. VIP коноктор, ЖМК өкүлдөрү, телекөрсөтүү адистери жана расмий адамдар үчүн атайын орундар даярдалган. Андан тышкары, VAR системасын орнотууга бардык шарттар түзүлгөн.
Стадиондун аймагы көрктөндүрүлүп, бак-дарактар отургузулган, унаа токтотуучу жай уюштурулган.
«Азия» футболдук клубунун жаңы үйү
«Талас Арена» Талас шаарындагы «Азия» футболдук клубунун үй аренасы болуп калат. Бул клуб 2026-жылдын башында негизделип, Талас облусунда футболду өнүктүрүүгө, жергиликтүү жаш оюнчулардын потенциалын ачууга жана аймактын футболдук аброюн көтөрүүгө багытталган.
Ачылыш аземи Премьер-лиганын 29-турундагы «Азия» (Талас шаары) менен «Талант» (Беш-Күңгөй айылы) клубдарынын ортосундагы беттеш менен коштолду.
Президент Садыр Жапаров 2034-жылга чейин футболду өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программанын негизги максаттарынын бири — өлкө боюнча футболдук инфратүзүмдү жаңылоо, эл арасынан жаш таланттарды табуу жана футболдун массалык түрдө өнүгүшүнө шарт түзүү экенин эске салды.




















