Иш-чаранын жүрүшүндө президент стадиондун курулушуна мамлекеттик каражат жумшалганын, бирок аны кармоо жана тейлөө боюнча кийинки чыгымдарды футболдук клуб өзү көтөрөрүн түшүндүрдү.

Бүгүн эмне үчүн топко кол коюп, аны Омурбек Токтогуловичке өткөрүп жатабыз? Анткени мамлекет стадионду курду, эми анын андан аркы камкордугун, инфраструктурасын тейлөөнү жана бардык чыгымдарды Омурбек Токтогулович өз мойнуна алат. Стадионду көздүн карегиндей сактасын.
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

Жапаров Бабановдун Талас облусунда футболду өнүктүрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик спорттук объектилер дайыма колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Мындай заманбап объект жөн гана имарат бойдон калбашы керек. Ал таланттар тарбияланган жана спорттук ийгиликтерге жетишилген борборго айланышы зарыл.
Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Президенти

«Талас Арена» стадиону

5000+көрүүчү
2машыгуу талаасы
3мини-футбол аянтчасы

Стадиондун негизги футбол талаасы автоматтык сугаруу системасы бар гибриддик газон менен жабдылган, ал эми аймакта эки машыгуу талаасы, үч мини-футбол аянтчасы жана заманбап жарыктандыруу бар. Комплекс эл аралык мелдештерди өткөрүүгө да ылайыкташкан.

Президент 2034-жылга чейин футболду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны эске салып, заманбап спорттук объектилер Бишкекте гана эмес, аймактарда да пайда болушу керектигин айтты.