Президент Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтыкты жогорулатууну, анын ичинде искусственный интеллект жана санарип кызматтар боюнча бирдиктүү инфраструктураны түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 31-июлда Иссык-Көлдө өткөн Борбор Азия мамлекет башчылардын жана Азербайжандын президентинин бейформал консультациялык жолугушуусунда билдирди.

Мирзиёев аймактык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу архитектурасын түзүү зарылдыгын айтты. Анын айтымында, бул структура эффективдүү кызматташуу институттарына, тармактык ведомстволордун тыгыз байланыштарына, региондор ортосунда түз байланыштарга жана негизги өнүгүү багыттарында узак мөөнөттүү программаларга негизделиши керек.

Ал ошондой эле "Борбор Азия плюс" форматындагы орток мамлекеттер аралык уюмдардагы координацияны күчөтүп, аймактын эл аралык субьектүүлүгүн жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мирзиёев соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды чыңдоону, өнөр жай-технологиялык чынжырчаларды өнүктүрүүнү, учурдагы санарип кызматтар жана инвестициялык платформаларды биргелешип түзүүнү сунуштады.

Ал аймакты билим берүү, илим жана инновациялар боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү борборго айлантуу керек экенин белгилеп, иштеп жаткан кадрлык потенциалды, искусственный интеллект технологияларын, дата-борборлорду жана энергетикалык кубаттуулуктарды бириктирчү инфраструктураны түзүүнү сунуштады.