Жакында Бишкек шаарында Борбор Азия аймагынын аймактык иденттүүлүгүн түзүү жана аны бекемдөө боюнча Концепциянын долбоору эксперттердин катышуусунда сунушталды.

Бул демилгенин уюштуруучулары — Өзбек Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймак аралык изилдөөлөр институту, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту жана Швейцариялык PeaceNexus фонду.

Концепция борбор Азиядагы туруктуулукту чыңдоо максатында гуманитардык, маалыматтык, маданий жана билим берүү тармактарындагы аракеттерди координациялоонун негизин түзөт.

Аймакта азыркы учурда маалыматтык согуштар жана жалган маалыматтарды таратуу сыяктуу кооптондуруучу факторлор бар, алар регионалдык туруктуулукка коркунуч келтирет.

Концепция ошондой эле Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын алкагында интеграцияны өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды колдойт.

Ошондой эле долбоор аналитикалык мекемелердин катышуусунда иштелип чыгып, аймактык биримдикти бекемдөөгө салым кошууну көздөйт.